Буга чейин премьер-министрдин буйругу менен жоюлган Экономикалык кылмыштуулукка күрөшүү кызматын жетектеп келген Сыймык Жапыкеев «Фейсбуктагы» баракчасына өзүнүн аз убакытта иштеген ишмердүүлүгү боюнча отчет ирээтинде пост жазды. Ток этерин айтканда, ал иштеп турган төрт айда Финпол 800 миллион сом мамлекетке келтирилген зыяндарды кайра кайтарган экен. Андан башка албетте колго илинээрлик отчет жок. С. Жапыкеев өзүнүн отчету менен чогуу баарынан чарчаганын, азыр саясатка аралаша турган ою да жоктугун, ден соолугу жакшы болбой жатканын кошумчалады. Ошентип «кухнядан» башталган карьера дароо Финполго жетекчи болуп секирүү менен аяктады. Эми анын сөзүнүн төркүнүнө караганда, кайрадан «кухнядан» деле сүйлөбөйт. Эмне себептен төрт ай ичинде эле саясаттан чарчап калганынын сырын ачыктаган жок.
Мындан улам өткөн жылдагы октябрь тополоңунан кийин кайсыл жаңы жүздөр жогорку кызматтарга келди эле, азыр алар кайда деген суроо жаралат. Адегенде бийлик талаш кызуу жүрдү. Өкмөт башчысы болом деген дымактагылар да арбын болду. Акыры Жогорку Кеңеш үчүнчү ирет чогулгандан кийин Садыр Жапаров (учурдагы президент) өкмөт башчысы кызматына бекиген. Ошондогу жаңы өкмөттүн курамына вице-премьер-министр катары Максат Мамытканов, Элвира Сурабалдиева кирген. Себеби, алардын да октябрь революциясында салымдары бар экени эске алынган. Азыр экөө тең өкмөттүн курамында жок.
Айыл-чарба министри кызматына теплица иштетип жүргөн Тилек Токтогазиев дайындалган. Адегенде эле ал айлыгынын аздыгын, кабинеттердин сууктугун айтып даттанып жүрдү. Жаңы өкмөттүн курамынан ал дагы көрүнбөдү. Ошентип революциянын шарапаты менен «парашют» аркылуу секирип, үлкөн кызматтарга отуруп калаган бул үчөөнүн саясий карьерасы ушундайча токтоп турат.
Булардан сырткары Талас облусу боюнча өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү кызматына Айбек Бусурманкулов аттуу жарандык активист отурган. Жакында эле ал дагы кызматтан кетүү арызын жазып, ордуна Бакытбек Нарбеков дайындалды. Октябрь революциясынан кийин Чүй облусуна жетекчи болгон Мирбек Мияров да кызматтан кетти. Ордуна Эркин Тентишев дайындалды. Ырасын айтканда, Бусурманкулов да, Мияров да бул кызматтарга «түндүктөн түшкөндөй» секирик менен келишкен. Губернаторлук кызматка дайындалыш үчүн экөөнүн тең жетиштүү тажрыйбасы жок эле. Ачыгын айтканда, алардын ордуна жаңы дайындалгандардын деле жетиштүү тажрыйбасы бар дегенге болбойт. Тентишев бизнес чөйрөсүндө жүргөн 58 жаштагы жаран. Ал эми Нарбековдун аздыр-көптүр мамлекеттик кызматтарда тажрыйбасы бар экени белгилүү болду.
Ушул көрүнүштөр Кыргызстанда кадр даярдоо, өстүрүү саясаты жоголуп кеткенинен кабар берет. Вице-премьер-министр, министир, губернатор сыяктуу кызматтар өтө чоң жоопкерчиликтерди талап кыла турган кызматтар болуп саналат. Ал үчүн мамлекеттик кызматта катардагы кызматкерден тарта улам жогорулап, улам тажрыйба топтоп өсүү талапка ылайык. Ал эми бизде болсо кызматка же революция аркылуу, же парламентке өткөн партия аркылуу жетип алуу салтка айланып калды. Мындай «салтты» токтотууга, жокко чыгарууга убакыт келди. Болбосо, ар бир кыргыз көкүрөгүндө жок дегенде 15 адамды башкарып отурган кызматты самайт. Мунун натыйжасы эч качан өнүгүүгө жетелебей турганы түшүнүктүү.
Сагынбек Сатыкеев
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн