Баш оона 02, 2025
Убакыт: 06:39
USD
87.30
87.80
EUR
99.40
100.40
RUB
1.080
1.110

Кафе-ресторандар тейлөөгө 15% пайызга чейин алганы жокко чыгат

01.08.2025 13:08
37
Кафе-ресторандар тейлөөгө 15% пайызга чейин алганы жокко чыгат


Кафе-ресторандар тейлөөгө 15% пайызга чейин алганы жокко чыгат. Бул тууралуу “Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча” мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип жатканын, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Жээналы Орозбаев билдирди.


“Мына биздин кафе-ресторандар 15% тейлөөгө деген төлөмдү каяктан чыгарып алышканын түшүнбөйм. Бирок буга байланыштуу биздин мыйзамдарда дагы тыюу жок экен. Азыр аны жокко чыгаруу боюнча мыйзамга толуктоо киргени жатат. Бул боюнча президенттин администрациясынан дагы көрсөтмө болуп, биз Юстиция министрлиги менен макулдашып, тиешелүү сунуш киргиздик. Негизи кардар каалабаган нерсени таңуулаганга эч кимдин акысы жок”, – деди Жээналы Орозбаев.


Анын айтымында, кафе-ресторандар жана ашканалар кардарларга тамак-аш баасынан сырткары тейлөөгө деген негиз менен 15%га чейин кошуп алган, кардар өзү сурабаган: музыка, отурган жай жана башка таңууланган кызматтар үчүн акча талап кылган өнөкөттү мыйзам менен жокко чыгарып, жөнгө салуу демилгеси ишке ашырылат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн