Kaktus.media редакциясына карата козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу Башкы прокуратура 24.кг агенттигине билдирген.
Маалым болгондой, редакцияга карата козголгон кылмыш иши курамында кылмыш жоктугуна байланыштуу 31-мартта токтотулган.
Эске салсак, аталган редакцияга карата кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан кийин "согушту пропагандалоо" иши менен кылмыш козголгон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн