Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 10:52
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Калаанын символу катары курулуучу мунарада соода борбору жана мейманкана болот

22.06.2021 13:26
1048
Калаанын символу катары курулуучу мунарада соода борбору жана мейманкана болот


Бүгүн, 22-июнда "Биринчи радионун" эфиринде шаар мэринин м.а. Бактыбек Кудайбергенов "Ала-Тоо Тауэр" комплекси боюнча кеңири маалымат берди.


Кудайбергеновдун айтымында, ал "Moscow City" сыяктуу уникалдуу заманбап комплекс болот. Кечээ Сауд Аравиясынын инвесторлору менен жолугушуу болуп, алардын арасында чет өлкөлөрдө көп жылдар бою иштеп келген кыргыз жарандары бар. Алар бул долбоорго инвестиция салууга даяр.


"Биз башка өлкөлөрдүн борборлорун көрөбүз, алардын ар биринин өзгөчөлүгү бар. Мисалы "Moscow City". Ошондой эле борбордун ушундай символу болгон "Ала-Тоо Тауэр" мунарасын куралы деп жатабыз. Анда ири соода борбору, мейманкана комплекси жана банк тармагы болот. Долбоор ушул жылдын күз айларында башталат. Бул борбор шаарыбыздын өзгөчөлүгү болуп калат", - деди мэрдин милдетин аткаруучу.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн