Бугу 04, 2024
Убакыт: 08:19
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Калык Дуңканаев, филология илимдеринин доктору: “Шайлоого аттанган партиялардын шайы кандай?”

24.08.2020 09:47
1100
Калык Дуңканаев, филология илимдеринин доктору: “Шайлоого аттанган партиялардын шайы кандай?”


 

Быйылкы жыл шайлоо жылы болгону менен кызыктуу. Бул чоӊ саясий окуя. Партияларга добуш берүү КР келечегин аныктоо менен барабар деп ойлойм. Көп партиялар ат салышууда. 4-сентябрдан баштап үгүт иштери башталат. Бирок элдин арасында ар бир партия, алардын курамы жөнүндө кызуу талкуулар жүрүүдѳ. Буга чейинки чакырылышта алдыда жүргөн партиялардын бири КСДП эле. Жеке көз карашымда, бул ирет партиянын өтүшү күмөн болуп турат. Анткени партиянын абройу кетти. Бир топ көө жабылып калды. Күйөрмандары болсо керек, бирок жалпы фонду алып краганда партия артта калууда. Чыгаан лидерлери деле жок.


«Биримдик» партиясы чыгып атат. Албетте, колдогондор бар. Эл болгондон кийин колдобогондор дагы болот экен. Бирок, дүбүртү ишенимдүү чыгып жатат. Азыркы карапайым элдин арасында “эскилер” деген термин пайда болду. Эскилерге ишенич азыраак. Жаштарга, жаӊы жүздөргө ишенгендер арбын. Бул партияда да эски адамдар бар. Эӊ башкысы партиянын программасы кандай болот? Элдин пикири ошого жараша да өзгөрөт. Кандай экономикалык, социалдык максаттарды алдыга койгонуна жана анын аткарылышын ачык көрсөткөнүнө жараша шайлоочулардын сынына коюлат.


Бүтүн Кыргызстан – элдин көйгөйүн айткан болуп жатып упай топтоду. Мигранттардын азыноолак колдоосу бар. Саясий салмагын  арттыруунун аракетин көрүүдѳ. Арасында аты белгилуу саясатчылар да жүрөт. Алардын канча электораты бар ким билет. Бирок бул командадагы кээ бир саятчылардын аброюна да доо кетип калган. Жогоруда мен айткандай эскилер эмне добуш алат билбейм.  


Ата-Мекен – элдин барына белгилүү Текебаев баштаган партия эле. Ал баш тартып, жаштарга жол бошотту. Бул жакшы жүрүш болду. 6-чакырылыштын депуттары кылган иши, билим деңгээли, маданияты менен аброюн түшүрдү. Бирок балык депутаттар, ар кайсыны сүйлөгөндөр да көп болду. Бирок баарын төмөнкү денгээлде деп айтууга болбойт.  Р.Момбеков менен Жанар Акаевдер тартышы мүмкүн.


Кыргызстан – жогору  эмес. Жалпы элдин көз карашында команда анча жакшы эмес.


Республика – ѳткөн шайлоодо алдынкы орунга чыккан. Бабановду мурдагы шайлоолордо көп колдошчу. Билимдуу депутаттар бар бул партияда.


Акчалуу партия деп Бакиров жетектеп бараткан партияны айтабыз. Акча да роль ойнобой койбойт. Урук-тууган, жердеш деген тема  да бар. Негизи жалпы өлкөнүн талабын көздөш керек. Бирок айтаарым капчыктууларга да эл алданып кетиши мүмкүн. Балким акчасын көп чачкандар да жакшы добуш алышы мүмкүн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн