Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 04:14
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Калыс Нурланбек уулу каратэ боюнча КМШ оюндарынын чемпиону болду (фото)

12.09.2021 11:12
1653
Калыс Нурланбек уулу каратэ боюнча КМШ оюндарынын чемпиону болду (фото)


Каратэ боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Калыс Нурланбек уулу Казань шаарында өтүп жаткан КМШ оюндарында алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.


Спортчу 67 килограмм салмак категориясында беттешкен.


Ал чейрек финалда россиялык спортчуну 5:1 эсебинде, жарым финалдык беттеште беларустук атлетти 3:0 эсебинде жеңип, финалга жолдомо уткан.


Бирок финалдык беттеште кыргызстандык спортчунун атаандашы татамиге чыкпагандыгына байланыштуу автоматтык түрдө жеңүүчү аталган.


Каратэ боюнча улуттук курама команда улук машыктыруучу Бакыт Дүйшеевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышкан. 


Белгилей кетсек, бир жума мурда башталган КМШ оюндары кечээ, 11-сентябрда, жыйынтыкталды.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн