Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 21:05
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

“Калыс-Ордо” конушунда коомдук алдын алуу бөлүмү ачылды (фото)

12.06.2020 09:12
1570
“Калыс-Ордо” конушунда коомдук алдын алуу бөлүмү ачылды (фото)


Бишкек шаарынын “Калыс-Ордо” конушунда коомдук алдын алуу бөлүмү ачылды, деп билдирди Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы.


Борбордун ачылышына ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы милициянын полковниги Улан Рысбеков, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, аялдар кеңешинин мүчөлөрү жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты.


Бул бөлмө БУУнун баңги заттар жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкармалыгынын каржылык жардамы менен ачылып, атайын жабдыктар, компьютер менен камсыздалды.


Коомдук алдын алуу бөлмөсүнүн максаты — айыл аймагындагы укук бузууларды алдын алуу, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, коомчулук менен биргеликте коомдук тартипти көзөмөлдөө. Бөлмөдө аксакалдар соту, аялдар кеңеши, жаштар комитети, аймактык тескөөчүлөр биргеликте коомчулук менен иш алып барат. Жарандар укук бузуулар тууралуу кат же оозеки түрүндө кайрыла алышат.


ИИМдин маалыматы боюнча, азыркы учурда республиканын бардык аймагында 532 коомдук алдын алуу борборлору ишин алып барууда. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн