Тогуздун айы 08, 2025
Убакыт: 14:13
USD
87.30
87.80
EUR
101.10
102.10
RUB
1.061
1.090

Калыс-Ордо конушунда жаңы бала бакчанын курулушу башталды

06.10.2025 09:46
57
Калыс-Ордо конушунда жаңы бала бакчанын курулушу башталды


Күн мурун Калыс-Ордо жаңы конушунда 110 балага ылайыкталган бала бакчанын курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.


Иш-чарага эмгек министри Канат Сагынбаев, Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Мирланбек Байгончоков, Агартуу министринин орун басары Мухтарбек Баймурзаев, кувейттик "Шейх Абдулла Аль-Нури" кайрымдуулук фондунун, ошондой эле фонддун өнөктөшү "Асанабил" фондунун өкүлдөрү катышты.


Калыс-Ордо социалдык шаарчасы аз камсыз болгон, көп балалуу жана жесир аялдар жашаган үй-бүлөлөр үчүн курулган. Учурда бул жердe 30 үй-бүлө жашап, алар үчүн ыңгайлуу жашоо, балдарды тарбиялоо жана билим алуу шарттары түзүлүүдө.


Капсула түптөө аземи жаңы конуштун инфраструктурасынын өнүгүүсүндөгү жаңы этаптын башталышын тастыктады, мектептин курулушу аяктагандан кийин заманбап бала бакчанын курулушу башталды.


Өз сөзүндө министр Канат Сагынбаев президент Садыр Жапаров жүргүзүп жаткан мамлекеттик саясат үй-бүлөнү ар тараптан колдоого жана демографиялык өнүгүүнү чыңдоого багытталганын белгиледи.


Министр ошондой эле 2025-жылдын сентябрь айында Жогорку Кеңеш тарабынан үч окууда "Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору кабыл алынганын билдирди. Документ КР президентинин "Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда туруктуу жашаган көп балалуу энелерге бир жолку "бала береке" төлөмүн берүү жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.


"Мамлекеттик саясаттын аймактык деңгээлде донорлор менен ишке ашырылышы бизди кубандырбай койбойт. Ошондуктан Бишкек мэриясынын жана “Шейх Абдулла Аль-Нури” фондунун кызматташтыгы балдарды колдоого багытталган саясаттын үлгүлүү башталышы болуп саналат", — деди министр.


"Бүгүнкү капсула биздин достуктун, ыраазычылыктын жана балдарыбыздын жарык келечегине болгон үмүттүн символу болсун", — деп белгиледи Канат Сагынбаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн