Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 19:28
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Калыс-Ордодогу медпунктка имамдын демилгеси менен дары-дармектер жеткирилди

23.07.2020 16:35
822
Калыс-Ордодогу медпунктка имамдын демилгеси менен дары-дармектер жеткирилди


Калыс-Ордо конушундагы медициналык пунктка имамдын демилгеси менен дары-дармектер жеткирилди. Бул тууралуу Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, 22-июлда Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда жайгашкан "Латифа" мечитинин имам хатиби Нурбек ажы Исманалиевдин демилгеси менен жаңы конуштун медициналык пунктуна 116 980 сомдук медициналык каражаттар сатылып алынып, жеткирилип берилди.


Мындай кайрымдуулук иштерин Нурбек ажы жыл бою уюштуруп келе жатат. Анын айтымында, мечиттин атайын жардам фонду уюштурулуп, ай сайын муктаждардан кабар алып, кайрымдуулук иштерин жүргүзүп келет.


Биз жергиликтүү жамаатка кайрылып, ушундай кырдаалда бири-бирибизге жардам берели. Ар ким колунан келгенин берсин. Көп түкүрсө көл болот эмеспи-деп жарыя кылганбыз. Берешен элибизден айланып кетсе болот. Мына бүгүн өз конушубуздун дарыгерлерине колдон келген жардамды бердик. Ылайым эле эч ким оорубаса экен деп Аллахтан тилеп жатабыз, - деген Нурбек ажы Исманалиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн