Элдин эмнени талап кылып, эмнени күтүп жатканын деле түшүнүү кыйын болуп калды. Өзгөчө бийлик башына келгендер үчүн өтө кыйын жагдай түзүлдү. Кудум жомоктогу эки айрылыш жолго жазылган: «Оңго барсаң атың өлөт, солго барсаң өзүң өлөсүң» деген жазуу алдыда тургандай. Бир карасаң «Бийлик коррупционерлердин баарын камап, катуу жазасын бериш керек» деп жатышкан болот, анан кайсы бир коррупционер камалса эле «Бошоткула, бул адам элге аябай көп жардам берип жүргөн» деп чыга калышат. Камабай койсо «Бийлик булар менен жең ичинен сүйлөшүп алыптыр» дешет, камап койсо «куугунтук болуп жатат» дешет. Ошондо биз өзү эмнени каалап жатабыз?
2017-жылдын соңунан тарта эле Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов Кыргызстандагы «коррупциянын атасы» сыяктуу коомдук пикир жаралып калган. Ал ошол жылдын ноябрь айынан тарта мамлекеттик кызматта жок болсо дагы, аны С. Жээнбековдун бийлигине каршы башкы курал катары жакшы эле колдонушту. «Калкалап жатат, камабай жатат» деп келишти. Анан эми жаңы бийлик келип, аны адегенде камап, кайра үй камагына чыгарып, мамлекеттин бюджетине 2 миллиард сом которттуруп, соттун чечими менен күнөөлүү деп табылып, дагы 260 миң сом айып пул салынган. Анан дароо эле ал чечимге нааразычылык билдирген акциялар уюштурулду. «Өтө жеңил жаза колдонулду» дешти.
Элдин талабын туура кабыл алган бийлик Райымбек Матраимовду кайра камакка алды. Ага бул ирет коррупциялык жол менен табылган мүлктөрдү адалдаштыруу боюнча айып тагылды. Ырасында эле өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеп келген Р. Матраимовдун ченебеген байлыкка, мүлктөргө кандайча ээ болуп калганы көп суроолорду жаратып келген. Эми соттук териштирүүлөрдө ошол суроолорго жооп болушу керек.
Бирок, ал камакка алынары менен «Р. Матраимовго боштондук!», «Кайсыл чиновник мамлекетке 2 миллиард төктү эле?» деп митингге чыккандар болууда. Ал өзү бажы постторунан өткөн ар бир жүк ташуучу унаадан 500дөн 3000 долларга чейин жеке чөнтөк үчүн акча алып турганын мойнуна алган. Демек, коррупционер болгонун моюндады. Ал өзү бардык күнөөсүн мойнуна алып жатса да, мамлекет казынасына түшө турган акчаны өз чөнтөгүнө буруп келгенин ачыктаса да, «Ким ушунча акча мамлекетке төктү эле?» деп догурунуп чыккандын өзү туурабы? Соттун чечимине ылайык Р. Матраимовду азыр эч тартынбай эле коррупционер деп атай берсе болот. Ал өз күнөөсүн да мойнуна алган. Анан коррупционер экенин моюндап жаткан адамды коргоп, колдоп чыгуунун өзүн эмне деп атасак жарашат?
Эгерде арканды мамлекеттин мойнуна эки ороп алып, анан эки учунан ары-бери тарта берсек эмне болот? Мамлекетти муунтуп жатканыбызды түшүнүп жатабызбы? Качанкыга чейин бийлик митингге чыккандардын өйдө-ылдый талаптарынын жетеги менен жетелене бериши керек? Эмнени каалап жатабыз? Мамлекетти коррупциядан арылтып, таза, адилеттүү, өнүккөн өлкөнү куруунубу, же коррупцияны дагы да гүлдөтүүнүбү?
«Эл оңолмоюнча, эл башылар оңолбойт» деп кыргыз эли эзелтен айтып келген. Эл өзү эмнени каалап жатканын тактабаса, улам бир ойку-кайкы талаптарын кое берсе, бизге анда кандай бийлик түтөт? Кантип бийлик чечкиндүү кадамдарды жасай алат? «Биздин айтканыбызды аткарбасаң, анда элди түп көтөрүп чыгабыз» деп эле коркута берсек, ошондо бизде туруктуулук болобу? Эртең дагы бир коррупционер камакка алынса, аны да «Бошоткула!» деп чыга тургандар табылат. Ошондо арзыбаган акчанын кулу болуп, баягы эле мамлекетти талап-тоноп жаткандардын куралы болуп калып жатпайлыбы? Ушундай жол менен өз өлкөбүздү жок кылууну көздөй түртүп баратканыбызды качан баамдайбыз? Качан баары мыйзам талаасында гана чечилиши керек экенин түшүнөбүз? Мамлекетти жок кылып алгандан кийин баары кеч болуп калаарын түшүнсөк кана?
Сагынбек Сатыкеев
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн