Бештин айы 23, 2024
Убакыт: 19:14
USD
86.85
87.35
EUR
90.30
91.30
RUB
0.830
0.880

Камбар-Ата-1. Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан ири долбоорду куруу үчүн биригүүдө

23.12.2024 14:22
14
Камбар-Ата-1. Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан ири долбоорду куруу үчүн биригүүдө


Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз энергетикасынын түптөлгөнүнүн 90 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өтүүдө.

"Бүгүн биз Кыргыз энергетикасынын 90 жылдык мааракесин белгилеп жатабыз. Бул тармакта иштер 1934-жылы башталган. 90 жылдын ичинде чакан ГЭСтер курулган. 1960-жылдан баштап ири ГЭСтер курула баштаган. Учурда президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен бардык ГЭСтер модернизацияланууда", - деди энергетика министри Таалайбек Ибраев.

Анын айтымында,учурда Токтогул ГЭСинин 3 агрегатын модернизациялоо иштери аяктады. Ар бир жаңыланган агрегатка 60 МВт кубаттуулук кошулат. 2025-жылы төртүнчү блокту модернизациялоо аяктап, 1200 МВт жалпы кубаттуулукка дагы 240 МВт кошулат. БулТоктогул ГЭСинин оңдоп-түзөөсүз 50-60 жыл үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздайт.

Мындан тышкары, 1962-жылы курулган Үч-Коргон ГЭСинде өткөн дылы реконструкциялоо иштери уланууда. Анда жакта дагы 4 агрегат бар, бүгүн алардын биринчиси ишке киргизилүүдө. Жыл сайын бирден агрегат ишке киргизилет.

"Бизде жаңы ГЭСтерди куруу боюнча пландар бар. Биздин эң негизги жана башкы долбоорубуз - Камбар-Ата-1 ГЭСи. Бул ири долбоор. Кыргызстандын бюджетинен 4 млрд сомго жакын каражат бөлүндү. Азыркы учурда даярдык иштери жүрүүдө. Туннель казуу, көпүрө, жол, электр энергия линиясын куруу жана жумушчулар үчүн турак жай куруу иштери жүрүүдө.

Коңшу 3 өлкө - Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстан бул ГЭСти биргелешип курууга макулдашкан. Сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Мен техникалык-экономикалык негиздемеси бүтсө, 6-6,5 жылдын ичинде ГЭС курулуп бүтөт", - деди министр.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн