Мыйзамдагы ууру катары таанылган Камчы Көлбаев ден соолугуна байланыштуу №47 түзөтүү абагына которулду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Ал УКМКнын абагынан 2-ноябрда которулган. Учурда ага байланыштуу кылмыш ишти тергөө улантылып жатканы айтылды.
Белгилей кетсек, Бишкектин чок ортосунда жайгашкан бул түрмө “каралардын” киреше түшкөн “майлуу” ордосу катары айтылып келет. Дал ушул абакта учурда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жаза мөөнөтүп өтөп жатат.
Пикирлер (1)