Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 02:30
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Камчы Көлбаев менен байланышы бар 50гө жакын бажы кызматкери иштен алынды

18.10.2023 13:00
309
Камчы Көлбаев менен байланышы бар 50гө жакын бажы кызматкери иштен алынды


Мамлекеттик бажы кызматынын 50гө жакын кызматкери иштен бошотулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, "мыйзамдагы ууру" деп аталган Камчы Асанбек (Көлбаев) менен тыгыз байланыштарды аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан пландуу иш-чаралардын жүрүшүндө Мамлекеттик бажы кызматында ведомстволук буйруктарды бузган айрым кызмат адамдар аныкталды.

Такталгандай, тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө 50гө жакын бажы кызматкери криминалдык авторитет К.Асанбек жана Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимов менен тыгыз байланышта болушкандары аныкталды. Буга байланыштуу жогоруда аталган кызматкерлери ээлеген кызматынан бошотулду.

Ошол эле учурда УКМК мамлекеттик органдардагы жана ведомстволордогу абийирсиз кызматкерлердин ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштерин улантууда.

Учурда жогорудагы мыйзам бузууларга тиешеси бар башка кызматкерлерди аныктоо иштери уланууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн