Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 13:01
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Камчыбек Ташиев №21- мектеп-интернаттын жана "Нур+" реабилитациялык борбордун тарбиялануучуларын жаңы жыл менен куттуктап барды (фото)

29.12.2021 17:02
941
Камчыбек Ташиев №21- мектеп-интернаттын жана "Нур+" реабилитациялык борбордун тарбиялануучуларын жаңы жыл менен куттуктап барды (фото)

УКМК: Атайын кызматтын жетекчиси Нур+» реабилитациялык борбордун тарбиялоочуларын Жаңы жылы менен куттуктады


2021-жылдын 29-декабрында, Кыргыз Республикасынын УКМК төрагасы К.Ташиев Жаңы жылдын алдында Бишкек шаарындагы угуусу начар жана кеч уккан балдар үчүн №21-адистештирилген мектеп-интернатына, ошондой эле “Нур+” реабилитациялык борборуна барды.


Салтанаттуу маанайда №21-мектеп-интернатында УКМКнын башчысы К.Ташиев аталган мекеменин жалпы жамаатын жана окуучуларды келе жаткан майрамы менен куттуктап, бардыгына чың ден соолук каалады. Андан соң УКМКнын жетекчилигинин жана өздүк курамынын атынан жаңы жылдык белектер тапшырылды.


Мектеп-интернаттын тарбиялануучулары жакшы каалоо-тилектерин айтышып, жаңы жылдык программаны көрсөтүштү.


Жолугушуунун аягында, аталган мекемеге ар тараптуу колдоо көрсөтүү максатында актуалдуу көйгөйлөр талкууланды. 

Андан кийин КР УКМК төрагасы “Нур+” реабилитациялык борборуна барып, жалпы жамаатты жана балдарды келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап, жаңы жылдык белектерди тапшырды.


№21-мектеп-интернатынын жана “Нур+” реабилитациялык борбордун жетекчилиги колдоо көрсөткөндү жана белектери үчүн К.Ташиевдин жеке өзүнө жана УКМКнын бардык кызматкерлерине терең ыраазычылык билдиришти.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн