Бугу 17, 2024
Убакыт: 09:45
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Камчыбек Ташиев №39 протокол боюнча: Лейлек району эч качан анклавда калбайт

31.01.2022 17:01
1512
Камчыбек Ташиев №39 протокол боюнча: Лейлек району эч качан анклавда калбайт

Лейлек району авнклавда калат деп сүйлөп жаткандар жөн эле коомду дүрбөлөңгө салып жатат. Мындай пикирин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.


Анын айтымында, Ак-Сай айлынын тургундарынын коопсуздугу үчүн жана конфликтти азайтуу максатында Ворухка жаңы жол курулат.


"Эки өлкөнүн өкүлдөрүнүн жолугушуусунда тиешелүү протоколдор кабыл алынган. Ага ылайык иштерди жүргүзүү керек.

Лейлек району авнклавда калат деп сүйлөп жаткандар жөн эле коомду адаштырып жатат. Лейлек району эч качан авнклавда калбайт. Ворухка курула турган жол делимитация жана демаркация иштери толук бүткөндөн кийин курулат. Анын мамлекеттик статусу боюнча атайын өкмөттүк комиссиялар түзүлөт жана алар жолдун статусун аныктайт. Ал жол  коридор эмес, транспорттук жол болот.

Мындан сырткары, Лейлек районуна эки жол болот "Ак-Сай - Рават" жана Төрт-Көчө.

"Ак-Сай - Рават" жолу быйыл буйруса асфальтталат",- деди Ташиев.

Пикирлер (3)

Коопсуздук коду
Кенешбек Баткен
Берилбеши керек кандай болбосун
Абды
Анкавда калабы калбайбы берилбеши керек. Биздин талап жол берилбесин.
МАМАТАЛЫМОВНА
Тоок сойсо дагы кассап сойсун - деген соз бар элибизде. Чыныгы Билимдуу адамдарга бериниз жол маселесин!!! Менимче сиз азыркы кызматынызга Татыктуу эмессиз!!!