Бугу 15, 2024
Убакыт: 08:13
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Камчыбек Ташиев: 500 ооган студентине виза берүүгө даярбыз

16.08.2021 14:22
1191
Камчыбек Ташиев: 500 ооган студентине виза берүүгө даярбыз

Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу 500 ооган студентине жардам катары виза берүүгө даярбыз. Мындай пикирин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.


Анын айтымында, мындай жардам ооган студенттерине жардам болот.


"Кыргызстанды өзгөчө тынчсыздандарган нерсе – ооган жаштарынын, айрыкча аялдардын тагдыры. Алар кыргыз жаштары сыяктуу заманбап билим алууга, жаңы технологияларды өздөштүрүүгө жана өз мекенинин жыргалчылыгы үчүн иштөө үчүн талап кылынган кесиптерге ээ болууга умтулушат. Биз өлкөнүн экономикалык жашоосу шал болуп, миңдеген үй-бүлөлөр үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болуп жаткан куралдуу саясий тирешүү шартында, сапаттуу билим алуу мүмкүн эмес экенин жакшы түшүнөбүз”,- деп билдирген Ташиев.

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Саламат
Красавчик, глаза нац.безопасности делает политические заявления, интересно это президент поручил или личная инициатива? Что ещё он решает вместо президента?
Алик
Ташиев купуя кызматтын жетекчисиби же президентпи, ажырата албай калдыкко.