Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 22:24
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Камчыбек Ташиев Адахан Мадумаровго кызмат ордун бир шарт менен өткөрүп берүүгө макул экенин айтты

10.10.2022 16:27
1547
Камчыбек Ташиев Адахан Мадумаровго кызмат ордун бир шарт менен өткөрүп берүүгө макул экенин айтты

Кыргыз-өзбек чек арасын тактоодо бизден артык келишим түзө алсаңыз ордумду сизге бошотуп берейин. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровго карата айтты.


Кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо боюнча коомдук угууда Мадумаров азыркы макулдашууну "Кыргызстанды толук жок кыла турган чечим" деп атады. Өзбек тарап буга чейин да бир катар убадаларын аткарбай койгонун, Турдакун Усубалиев дагы жазган китептеринде аны эскертип кеткенин белгиледи.


Ташиев ага жооп берип, учурда эки өлкөнүн ортосундагы талаштуу тилкелердин баары Кыргызстанга өтүп жатканын билдирди.


"Көк-Серек, Ак-Таш, Унгар-Тоо тилкелери сыяктуу талаштуу тилкелердин баары бизге өттү. Ал эми Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин бердик, аны моюнга алабыз. Ошону да алып алсак жакшы болмок. Эми эки тараптуу келишим болгондон кийин алардын да бир шартына макул болушубуз керек да. Эгер мындан дагы артык келишим түзөм десе, Мадумаровго ордумду бошотуп берем. Комиссияны жетектеп барып сүйлөшсүн, бир жылдык убакыт берели", — деди Ташиев.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн