Бугу 18, 2024
Убакыт: 12:31
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Камчыбек Ташиев Ак-Тоок суу сактагычын куруу боюнча: Эмнеге Тажикстандан сурашыбыз керек экен?

28.04.2021 19:53
1845
Камчыбек Ташиев Ак-Тоок суу сактагычын куруу боюнча: Эмнеге Тажикстандан сурашыбыз керек экен?


Лейлек районундагы Козу-Баглан дарыясына курула турган болуп жаткан суу сактагычтын Тажикстанга эч кандай тиешеси жок. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди. Бул  Ташиевдин социалдык тармактагы тобуна жарыяланды.


Эске салсак, Тажикстандын жергиликтүү басылмалары тажик бийлигинин Камчыбек Ташиевдин билдирүүсүнө жообун жарыялаган. Анда тажик тарап Козу-Багланга суу сактагыч курула турган болсо, Согда облусундагы бир топ райондор суусуз калаарын эскертишкен. Ошондой эле алар мындай нерсе эки тараптын макулдашуусу аркылуу ишке ашаарын, бул мамлекеттер аралык келишимге ылайык келээрин белгилешкен.


"Суу сактагыч курулат деп айтылып жаткан аймак Кыргызстандын терең аймагында жайгашкан. Чек ара аймагына кирбейт. Экинчиден, суу сактагыч курулса, эл кошумча 15 гектардай суугат жерге ээ болот. Үчүнчүдөн, мамлекеттер аралык келишимде эгер курулуш мамлекеттин өзүнө таандык, талаш эмес аймагында жүрсө макулдук алууга негиз жок деп каралган. Биз өз аймагыбыздагы курулуш үчүн макулдук албайбыз. Тажикстан деле Ворухта ар кандай курулуштарды жүргүзүп жатышат. Бир жолу уруксат сураштыбы?! Ал убакта эмнеге мамлекеттер аралык келишимди эстешкен жок? А биз эмнеге өз аймагыбызда жайгашкан дарыядан өз жерибизге суу сактагыч куруу үчүн алардын макулдугун алышыбыз керек?!", - деди Камчыбек Ташиев.


Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Мир
Азамат!!!