Бугу 07, 2024
Убакыт: 11:06
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Камчыбек Ташиев Ала-Бука районунда УКМКнын имаратынын ачылышына катышты (фото)

06.10.2021 20:19
1265
Камчыбек Ташиев Ала-Бука районунда УКМКнын имаратынын ачылышына катышты (фото)


Бүгүн, 2021-жылдын 6-октябрында, УКМКнын Ала-Бука райондук бөлүмү үчүн курулган жаңы, заманбап имараттын ачылыш аземи болуп өттү. Ага Атайын кызматтын төрагасы генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев, комиттетин жергиликтүү өздүк курамы жана ардагерлери, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


 Ачылыш аземинде Камчыбек Ташиев - Атайын кызмат мындан ары да уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү жана коррупцияга каршы иш-аракеттерди активдүү улантаарын белгиледи. Ала-Бука району мамлекеттик чек арага жакын аймак экенин эске салган төрага, кызматкерлерден контрабандага толугу менен бөгөт коюу талап кылынаарын баса белгиледи. Коопсуздук комитетинин аймактардагы бөлүмдөрүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо, кызматкерлерге жетиштүү шарттарды түзүп берүү аракеттери мындан ары да улантылаарын кошумчалады.


 УКМКнын Ала-Бука райондук бөлүмү буга чейин 1936-жылы курулган, иштөө үчүн шарттары жок жайда кызмат өтөп келген.

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Кутманова Кымбат
Жумушчуларга жакшы шарт тузуп беруу-ийгиликтуу иштердин момосун берет. Ал учун УКМК нын торагасы Камчыбек Кыдыршаевичке жана Азизбек Атакозуевичке ыраазычылык билдиребиз. Бул имараттын жаны курулушу аяктап, колдонууга берилиши жалпы Ала-Бука элинин суйунучу койнуна батпай турган учуру.