Бүгүн, 26-апрель күнү УКМК төрагасы, чек ара боюнча мамлекеттик делегация башчысы Камчыбек Ташиев Ала-Бука районундагы Көк-Таш айылынын тургундары менен жолугууда. Бул тууралуу Өткүрбек Рахманов билдирди.
Маалым болгондой, Ташиев жергиликтүү калк менен Гавасай аймагындагы чек ара мамилеси боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп элдин суроосуна жооп берет.
Эске салсак кечээ Ала-Бука районунун тургундары митингге чыгып Камчыбек Ташиевдин келишин талап кылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн