Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 22:34
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Камчыбек Ташиев Азия чемпионатына жөнөгөн боксчулар менен жолугушуп, ийгилик каалады

15.01.2023 08:24
663
Камчыбек Ташиев Азия чемпионатына жөнөгөн боксчулар менен жолугушуп, ийгилик каалады

14-январда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, Улуттук бокс федерациясынын вице-президенти Камчыбек Ташиев жана КР Бокс федерациясынын президенти Умбеталы Кыдыралиев Азия чемпионатына катышуу үчүн жөнөп жаткан спортчулар менен жолугушту. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, Азия чемпионаты 16-27-январь күндөрү Таиланддын Бангкок шаарында өтмөкчү. Аталган чемпионат 22 жашка чейинкилер арасында өтүп, Кыргызстандан 12 мушкер, 3 машыктыруучу жана бир калыс барат.

Жолугушууда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев курама командага ийгилик каалап, мушкерлер чоң байгелүү орундарга ээ болушун каалады. Ошондой эле УКМК төрагасы ар бир Кыргызстандык спортчунун жүрөгүндө мекенге болгон сүйүүсү күч болуп, таалыкпай эмгек кылып, аракеттен тайбаса сөзсүз жеңишти багындыраарын айтты. Өз кезегинде, өлкө жетекчилиги да спортчуларга өзгөчө маани берип, алардын машыгуусуна ар тараптуу шарт түзүп берүүгө көмөктөшөрүн билдирди.

Ал эми Азия чемпионатына катышуу үчүн жөнөп жаткан спортчулар УКМК төрагасына ыраазычылык билдирип, өлкө желегин бийик желбиретип, байгелүү орундарды багындырууга болгон күч аракетин жумшарын убадалашты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн