Бүгүн, 2-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев Министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана Адахан Мадумаровдун кайым айтышуусунан кийин сөз алды.
"Биз дагы кыйын болду. Бир тарапта Мадумаров урушат. Бир тараптан Камчыбек Ташиев. Бирок ынтымак болсок баары жакшы болот",- деди депутат.
Ага жооп катары: "Ошон үчүн талтайбай жүрсөңүз кыйналбайсыз. Бир тарапта болуш керек",- деди Ташиев.
Балбак Түлөбаев дайыма өкмөт тарапта экенин айтып, керек болсо өкмөт үчүн Адахан Мадумаров менен урушуп турганын кошумчалады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн