Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 03:36
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Камчыбек Ташиев: Баңгизат сатууга генералдар аралашкан

03.02.2021 14:27
1258
Камчыбек Ташиев: Баңгизат сатууга генералдар аралашкан

Кыргызстанда баңги затсатууга генералдар да аралашкан. Бул тууралуу бүгүн парламенттин жыйынында КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу Камчыбек Ташиев билдирди.

Анын айтымында, баңгизат бизнесине көп адамдар аралашкан, качып жүргөндөр да бар. “Биз жакында көп адамдардын бетин ачабыз”,- деди ал.

Ошондой эле, К.Ташиев Кыргызстанда уюшкан кылмыштуулук баарын башкарат деп кошумчалады.

Алар мамлекеттик кызматка кимди коюшту, ким депутат болорун, кандай бизнес өнүгө турганын чечишет. Мындан ары өлкөдө “мыйзамдагы ууру”, “каралар” болбойт. Андайлар башка өлкөгө барып жашасын. Биз коркпошубуз керек, аларды жок кылууга милдеттүүбүз”, - дейт ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн