Кулжа 26, 2024
Убакыт: 05:19
USD
86.50
87.40
EUR
92.50
93.50
RUB
0.960
1.020

Камчыбек Ташиев Башкы прокуратурада эмне тууралуу сурак бергенин айтып берди

25.04.2022 15:45
1425
Камчыбек Ташиев Башкы прокуратурада эмне тууралуу сурак бергенин айтып берди

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 25-апрелде Башкы прокуратурада сурак берип чыкты. Ал сурак тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп берди.


"Сурак негизинен 2010-жылдагы июнь коогалаңы боюнча болду. Мен окуяга күбө болгон адам катары көрсөтмө бердим. Июнь окуясы боюнча кылмыш иши козголгон анын кандай жүрүп жатканы тууралуу менин маалыматым жок.


Бирок июнь окуясында Убактылуу өкмөт түштүк региондо өзүнүн бийлигин сактап калуу максатында сепаратисттер менен жаңжал чыгарган болушу мүмкүн. Натыйжада 500дөй адам өлүп, миңдеген адамдар жаракат алган жана өлкөгө олуттуу зыян келтирилген.

Ошондой эле Кадыржан Батыровдун качышы дагы күмөндүү ойлорду жаратат",- деди Ташиев.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Жаркынбек
Албетте ош кооголанына тиешеси бар адамдар,жоопкечилике тартылыш керек. Ошол убактагы убактылуу окмот,толугу менен суракка алынсын.Куноолусу жоопту бериши керек деп талап калат элем.