Кулжа 29, 2024
Убакыт: 01:07
USD
86.20
87.10
EUR
92.10
93.10
RUB
0.960
1.040

Камчыбек Ташиев Баткендеги чек арачыларга батирлердин ачкычын тапшырды

29.05.2024 11:40
133
Камчыбек Ташиев Баткендеги чек арачыларга батирлердин ачкычын тапшырды


Кечээ УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Баткенге болгон жумушчу сапарында чек арачыларга 32 батирдин ачкычын тапшырды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.


Маалыматка ылайык, УКМК төрагасы 7 аскер бөлүгүнө күжүрмөн туу тапшырып, №2022 аскер бөлүгүнө курулган жаңы штаб, казарманы, "Бөрү" атайын багыттагы отряды үчүн курулган имаратты көрүп чыккан.


"Ташиев өткөн жылы аталган аскер бөлүккө жакын жайгашкан чек арачыларга 48 батир тапшырган. Быйыл дагы 32 батирдин ачкычы тапшырылды. Дагы 60 батирлүү көп кабаттуу үйдүн курулушу жүрүп жатат", — деп айтылат маалыматта.


Ошондой эле ал учкучсуз учуучу аппараттардын иштөө режимин көрүп, чек арачыларга унааларды тапшырган.


Белгилей кетсек, 28-майда Чек ара кызматынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык мааракеси белгиленген. Аталган кызмат учурда УКМКнын карамагында.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн