Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 18:24
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Камчыбек Ташиев Баткенге, андан ары Тажикстанга барат

14.03.2021 22:13
1050
Камчыбек Ташиев Баткенге, андан ары Тажикстанга барат


Эртең, 15-мартта УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусунун Самаркандек айылына барып, саат 14:00дө жергиликтүү тургундар менен жолугушат. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.


Эскерте кетсек, дал ушул аймакта өткөн апта ичинде куралчан аткезчилер УКМКнын кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, ок атылган.


Самаркандектеги жолугушуудан соң, К.Ташиев Лейлек районуна барып, коңшу Тажикстан мамлекетине кетет. 16-март күнү Кыргызстандын жана Тажикстандын чек ара боюнча мамлекеттик комиссияларынын жетекчилери жолугушат. Камчыбек Ташиев мамлекеттик комиссиянын төрагасы катары коңшу өлкөнүн тийиштүү жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн