Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, чек ара боюнча комиссиянын башчысы Камчыбек Ташиев Баткен шаарына келди. Бул тууралуу "Кактус.медиа" кабарлады.
Маалым болгондой, Ташиев Баткен барары менен жабык эшик артында жыйын өткөрүп облустук администрациянын имаратына кирип кеткен. Ал азырынча топтолуп турган эл менен жолугушуп сүйлөшө элек.
Эске салсак, Баткен обладминистрациясынын имаратынан алдында миңдеген адамдар топтолуп турат. Алар аймактардан Баткенге жардамга келген жарандар.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн