Бугу 01, 2024
Убакыт: 05:18
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Камчыбек Ташиев Болот Темиров тууралуу чукул кайрылуу жасады

23.01.2022 08:34
3065
Камчыбек Ташиев Болот Темиров тууралуу чукул кайрылуу жасады


УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Болот Темиров тууралуу өзүнүн Фейсбук баракчасы аркылуу чукул кайрылуу жасады. 


"Урматтуу эл журт!


"Темиров Live" аттуу сайттын мен жөнүндө айтып жатканы карандай калп! Мен эч качан мамлекеттен бир сом уурдаган эмесмин жана мындан кийин да ушундай болот, бул менин турмуштук терең позициям! Каалагандай комиссия түзүп барып текшерсеңер өзүңүздөр ынанасыздар! Ошондуктан мени каралап, жалаа жабууга аракет кылганыңар жөн эле убарагерчилик. Мен өзүмө ишенемин  жана эли-журтум, мамлекетим үчүн аягына чейин таза, пайдалуу гана иш жасаймын.


Ал эми КНГ жана КПК ишканалары боюнча маалымат билдирип коеюн:


 1.КНГ ишканасы 2020—-564 млн сом, ал эми 2021—2,0 млрд сом киреше тапкан.

 2.КПК (нпз) 2020—40 млн сом чыгым болгон, ал эми 2021—-200 млн сом киреше тапкан.


Мындай экономикалык көрсөткүч 30 жылдык тарыхыбызда биринчи ирет болуп жатат, себеби коррупциялык элементтердин баары жоюлган.


Ал эми КПКнын 2021 жылдын башынан бери жетекчи болуп иштеп жаткан Байгазы Матисаков, менин жээним болот, атасы жаш кезинен көз жумган, өзүнүн жеке күчү менен Россиядан окуп келди жана бул жигиттин кандай адам экендигин элдин баары жакшы билет (ичпейт, чекпейт, беш маал намаз окуган, бирөөнүн акысын жебеген, өтө кайрымдуу).


Мамлекетибиз тарабынан коюлган тапшырмалар ашыгы менен аткарылды жана алдыда мамлекет тарабынан мындан да көптөгөн тапшырмалар таза, акыйкат аткарылат деп ойлоймун.


Өздөрү коомго, мамлекетке пайдалуу эч кандай иш аткарышбайт да, иштеген адамдарды көрө албагандар ар түрдүү ушактар менен алектенип келишет.


Урматтуу эл журт, мен жана менин жакындарым эч качан элден уурдаган эмес жана мамлекетибиздин жаркын келечеги үчүн бүт күч аракетибизди жумшап  эмгектенип келебиз", - деп айтылат билдирүүдө. 

Теги

Пикирлер (3)

Коопсуздук коду
НП
НПОшниктер катуу даярдык коруудо экен!!! Элдин оюуна бузукулук салуу ойлору!! Али журот алдыда!! Садыр,Камчыга ишенгиле!!!
Айнура
Мен 100 % ишенем Ташиев аоам тамак жебейт
Акунбек Кожоев
Актанбай эле койчу сиздин ким экенинизди эс акылы бар адам баараы билет. Элдин баары эле доканцалардан эмес.