Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 19:24
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Камчыбек Ташиев: Бүгүн Тажикстан өкүлдөрү менен жолугушуу өтөт

28.01.2022 10:16
1008
Камчыбек Ташиев: Бүгүн Тажикстан өкүлдөрү менен жолугушуу өтөт

Бүгүн, 28-январда УКМКнын жетекчис Камчыбек Ташиев Баткен облусуна келди. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактарына билдирди.


Маалым болгондой, кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча ыкчам жыйын уюштурулат. Жыйын жабык эшик артында өтөт.



«Саат 11:00до тажик тарап менен жолугушуу болот. Ошол жолугушууда көптөгөн маселелер чечилет. Бул окуялар түнү менен президент Садыр Нуркожоевичтин көзөмөлүндө болду.


Кечеги болгон окуялар боюнча коомчулукка маалымат берип кетсек, тилекке жараша жөнөкөй жарандар арасында же аскерлер арасында эч кандай жоготуулар болгон жок. 11 аскер кызматкери жаракат алды. Алар азыр ооруканада жатышат. Ал эми көчүп келген адамдардын бардыгы ӨКМ тарабынан, жергиликтүү бийлик тарабынан керектүү нерселер менен камсыз болуп жатышат», - деди ал.


Ташиев буга катар эле жолгушууда тажик тараптын келишимдерди одоно бузгандыгы боюнча комиссия түзүлөрүн айтты.


«Ал маселелер боюнча комиссия түзүлөт. Комиссия ал маселелердин бардыгын текшерип чыгат. Бүгүнкү күндө абал салыштырмалуу турукташты деп айтсак болот. Төрт-Көчөдө ички иштер органдарынын биргелишкен патрулдук милициясы бар. Ошондой эле бардык күч структураларынын, анын ичинде жеке курам жана аскер техникалары боюнча саат 11:00дөгү жолугуушуда чечебиз. Абал турукташты жана толугу менен көзөмөлдө», - деди ал.


Булак: "Турмуш"

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн