Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 13:12
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Камчыбек Ташиев: Бүгүн кечке чейин абал толук турукташып, кошумча күчтөр мурдагы аймагына кайтарылат

28.01.2022 14:24
941
Камчыбек Ташиев: Бүгүн кечке чейин абал толук турукташып, кошумча күчтөр мурдагы аймагына кайтарылат

Азыркы учурда абалды турукташтыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Мындай пикирин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.


Анын айтымында, бүгүн чек арага тартылган эки тараптын тең кошумча куралдуу күчтөрү мурдагы ордуна кайтарылат.


"Азыр биз тажик тарап менен чек арадагы абалга жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз.

Бүгүн кечке чейин абал толук турукташат. Чек ара тартылган Тажикстандын жана биздин кошумча күчтөр мурдагы ордуна кайтат.

Сүйлөшүүдөн кийин абал тынч болот деп ишенем", - деди Ташиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн