Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча КР өкмөттүк делегациясынын башчысы Камчыбек Ташиев коңшу мамлекеттер менен чек ара маселеси боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Жыйынга кыргыз-тажик жана кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын туруктуу мүчөлөрү катышты.
Жыйында кыргыз-тажик жана кыргыз-өзбек мамлекеттик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери талкууланды.
Камчыбек Ташиев белгилегендей, Өкмөттүк делегация Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын эске алуу менен иш жүргүзүлөт, атап айтканда, коңшу мамлекеттердин делегациялары менен сүйлөшүүлөр туруктуу негизде жүргүзүлүүдө.
Кеңешменин жыйынтыгында Министрлер кабинетинин иөрагасынын орун басары Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын мүчөлөрүнө бир катар тапшырмаларды берди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн