Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 14:15
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Камчыбек Ташиев: Чек арада абал чыңалуу бойдон калууда, кара кийимчен, сакалдуу адамдар кооптуулук жаратууда

15.09.2022 11:54
1236
Камчыбек Ташиев: Чек арада абал чыңалуу бойдон калууда, кара кийимчен, сакалдуу адамдар кооптуулук жаратууда

Бүгүн, 15-сентябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев кечээ кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу конфликт боюнча пикирин билдирди. Бул тууралуу "Регион" каналы билдирди.


Ташиев кыргыз-тажик чек арасында абал турукташкан менен чыңалуу күч экенин айтты.


"Бүгүнкү күндө Кыргызстандын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана күч структураларынын жетекчилери чек арадагы абалдын келип чыгуу себептерин жана мындан аркы кагылышууларга жол бербөө үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.


Биз кечээ күнү кыргыз жарандарынын жарандык объектилерин бутага алган кара кийимчен, сакалдуу топтордун бар экенин тастыктадык жана бул тууралуу кошуна өлкөнүн бийлик өкүлдөрүнө эскерттик.

Аларч кайда кеткен жок. Алар дагы деле Кыргызстандын чек арасына кооптуулук жаратат",- деди Ташиев.


УКМКнын төрагасы ошондой эле тажик тарап алдын ала чагымчылык уюштурганын билдирди.


"Биз тажик тараптын алдын ала чек арада чагымчылык уюштурганын аныктадык. Алар алдын ала өздөрүнүн позициясын ээлеп, Кыргызстандын чек ара заставаларына ок чыгарган",- деди.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн