Бугу 18, 2024
Убакыт: 23:00
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Камчыбек Ташиев “Чоң Казатка” кошулабы?

16.06.2020 18:06
1273
Камчыбек Ташиев “Чоң Казатка” кошулабы?


“Чоң Казат” кыймылы “Улуу Кыргызстан” саясий партиясы менен биригүүдө. Бул тууралуу кыймылдын лидерлеринин бири Сыймык Жапыкеев өзүнүн кезектеги видео билдирүүсүндө маалымдады.

 

Анын айтымында, айрым окурмандар саясатчы Камчыбек Ташиев менен жолугууну сунушташкан. “Биз ал киши менен жолугуп, тааныштык. Ал инсандын кандай пландары бар экенин уктук жана сүйлөшүүлөр болду”, - деп билдирди Жапыкеев.

 

Буга чейин “Чоң Казаттын” дагы бир өкүлү Максат Мамытканов дагы Ташиев менен көп жагынан идеялары, пикири төп келе турганын билдирген. “Бирок сүйлөшүүлөр акырына чыга элек, дагы улантылат. Камчыбек Ташиев бул саясат экенин, өзүнүн партиялаштары менен кеңешип көрүшү керектигин айтты”, - деп билдирди Мамытканов.


Ал кошумчалагандай, биригүү тууралуу сүйлөшүүлөр дагы улантылат.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Апаз
Бирикени жакшы болот буйруса. Колдойм