Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 08:52
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Камчыбек Ташиев Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата коопсуздук кызматкерлерин куттуктады

29.08.2021 16:15
603
Камчыбек Ташиев Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата коопсуздук кызматкерлерин куттуктады

2021-жылдын 28-августунда УКМКнын жыйындар залында Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгилөөгө арналган өздүк курамдын салтанаттуу жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


УКМКнын башчысы генерал-лейтенант К.К.Ташиев Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнү менен өздүк курамды жана коопсуздук органдарынын ардагерлерин куттуктап, өз сөзүндө Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн калыптануу тарыхына, жарандар үчүн да, атайын кызматтын кызматкерлери үчүн да эгемендүүлүктүн маанисине токтолду.


Ал өздүк курамдын көңүлүн эгемендүүлүктүн негизи болгон өлкөнүн коопсуз жана динамикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн тийиштүү эффективдүү ишти уюштурууга бурду.


УКМКнын өздүк курамын мамлекет башчысынын жана министрлер кабинетинин атынан президенттик аппараттын коргонуу жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы А.Жанузаков куттуктады. Ал мамлекеттин коопсуздугун камсыздоону эсепке алуу менен, ички жана тышкы коркунучтарды активдүү түрдө нейтралдаштырууга басым жасады.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн