Февраль айында дагы жаңы заманбап аскердик техникалар келет. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 29-январь күнү Тажикстандын расмий делегациясы менен жолугушуудан кийин Баткен районунун Ак-Татыр айылында жергиликтүү тургундар менен жолугушуу учурунда билдирди.
Анын айтымында, жаңы аскердик техникалар буга чейин сатып алынган.
"Чек ара кызматын бекемдөө үчүн февралда дагы көптөгөн, силер өмүрү көрбөгөн аскер техникалары келет. Алардын баарын Баткенге беребиз. Мамлекет алардын баарын өз күчү менен, өз акчасына алып жатат",- деди Ташиев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн