Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 03:59
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Камчыбек Ташиев Индияда операция жасатып келген Дайырбекти кабыл алды

24.01.2024 15:16
271
Камчыбек Ташиев Индияда операция жасатып келген Дайырбекти кабыл алды


Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Индияда сөөк чучугун алмаштыруу операциясынан өткөн Дайырбек Маматкалыев менен кайрадан жолугушту. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Буга чейин маалым болгондой, химиотерапия курсун аяктаганына карабастан, курч лимфобласттык лейкозду толук дарылоо үчүн Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасынын дарыгерлеринин сунушу менен Дайырбек Индияда жилик чучугун алмаштырууга муктаж болгон. Бирок медициналык процедураларды каржылоо мүмкүнчүлүгүнүн жоктугуна байланыштуу Дайырбектин ата-энеси 2022-жылдын декабрь айында УКМК төрагасы К.Ташиевге жардам сурап кайрылышкан.

Ташиевдин көрсөтмөсү менен 2022-жылдын 23-декабрында УКМК тарабынан Дайырбекти (жана анын ата-энесин) Фортис клиникасына (Индия) жөнөтүүгө, кароодон өтүүгө жана операциясын каржылоого көмөктөшкөн.

Ийгиликтүү операциядан кийин Дайырбек дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, андан соң анын ата-энесин К.Ташиев кайрадан кабыл алган жана Маматкалыевдин толук айыгып кетүүсүнө колдон келген жардамды көрсөтүүгө убадасын берген.

2023-жылдын 28-декабрында Д.Маматкалыев атасы менен кайрадан Индияга текшерүүдөн өтүү үчүн жөнөп кетишкен жана Бишкекке келгенден кийин Камчыбек Ташиевге жолугушуу өтүнүчү менен кайрылышкан.

Жыйынтыгында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Д.Маматкалыевди жана анын атасын кабыл алды. Өз кезегинде Маматкалыевдин үй-бүлөсү Ташиевге көрсөтүлгөн материалдык жардам үчүн ыраазычылык билдирип, Дайырбектин ден соолугу жакшы экендигин кошумчалады.

Ал эми Камчыбек Ташиев балага чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт каалап, келечекте коопсуздук кызматкерлеринин катарын толуктайт деген ишенимин билдирди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн