Бугу 09, 2024
Убакыт: 17:06
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Камчыбек Ташиев КФСнын Аткаруу комитетинин мүчөлөрү менен жолугушту

21.02.2024 10:56
145
Камчыбек Ташиев КФСнын Аткаруу комитетинин мүчөлөрү менен жолугушту


Күн мурун, 20-февралда Кыргыз футбол союзунун президенти Камчыбек Ташиев уюмдун Аткаруу комитетинин жаңы курамы менен жолугушту.

Уюмдун басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Камчыбек Ташиев Аткаруу комитетинин мүчөлөрү менен жакындан таанышып, биргеликте ишке ашырыла турган максаттарды белгиледи.

Андан сырткары, Ташиев жолугушуунун катышуучуларына атамекендик футболдогу негизги чечимдерди кабыл ала турган аткаруучу органдардын мүчөлөрү катары алардын жоопкерчилиги чоң экендигин эске салды.

Ташиев Кыргыз футбол союзунун Аткаруу комитетинин жыйынын 27-февралда чакыруу чечимин кабыл алды. Жыйындын күн тартибиндеги негизги маселелердин бири КФСтин башкы катчысын дайындоо болот.

Белгилек, азыркы учурда КФСтин башкы катчысын милдетин Нурайым Алымкулова аткарууда.

Эске салсак, уюмдун коллегиалдуу башкаруу органынын жаңы курамы 19-февралда өткөн кезексиз Конгрессте шайланган болчу. Бул курамдын мөөнөтү 2026-жылдын апрель айына чейин созулат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн