Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 18:43
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Камчыбек Ташиев Кара-Кулжада 10 балалуу үй-бүлөгө үй куруп берди

20.09.2024 16:29
16
Камчыбек Ташиев Кара-Кулжада 10 балалуу үй-бүлөгө үй куруп берди


Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Кара-Кулжада 10 балалуу үй-бүлөгө үй куруп берди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Күн мурун Камчыбек Ташиев 3 ай аралыгында бүт шарты менен курулуп бүткөрүлгөн жаңы турак жайды жергиликтүү тургундардын, аксакалдардын катышуусунда Чырмаш Молдояровдордун үй-бүлөсүнө тапшырды.

Чырмаш Молдояров Кара-Кулжа районунун тургуну. Бул үй-бүлөдө 10 бала бешөөсүнүн майыптыгы бар. Молдояровдор көп жылдан бери үй салууга чамасы келбей, жаңы тамга муктаж болуп келишкен. Мындан улам ушул жылдын март айында Камчыбек Ташиевге кайрылашкан.

Молдояровдорго жаңы үй бардык заманбап жашоо шарты менен тургузулду. Аталган үй-бүлөнүн кайрылуусуна жооп кылып, тез арада жаңы үй салып берген Камчыбек Ташиевге ыраазы болуп, чоң колдоо болгонун айтып, жергиликтүү аксакалдар ак батасын беришти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн