Бугу 20, 2024
Убакыт: 11:20
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Камчыбек Ташиев Кара-Суу базары мамлекеттин менчигине өтөрүн билдирди

27.01.2024 14:25
294
Камчыбек Ташиев Кара-Суу базары мамлекеттин менчигине өтөрүн билдирди


Оштогу Кара-Суу базары мамлекеттин менчигине өтөт. Бул тууралуу УКМК башчысы Камчыбек Ташиев Ош облусунда эл менен жолугушуу учурунда билдирди.


Ташиев базарда гектарлап жер ээлеп алган байлар бар экенин, бардыгы мыйзам чегинде тартипке салынарын белгилеген.


“Базардын ордуна соода борборлору түзүлөт. Кызыл китеби барларга ошол соода борборлордун ичинен керектүү жерлерди бөлүп беребиз. Ичинде бардык шарттары болот, таза жерде иштейсиңер. Байлар, криминалдар бизди коркута албайт, азыр бардык шартты мамлекет өзү түзүп калды”, - деди Ташиев.


Төрага соода борборлорду куруу иштери жаздын келиши менен башталып, алгачкылары күзүндө ишке берилерин айтты. Ал эми ал жакта бардык шартты, тагыраагы, унаа токтотуучу жай, парктардан бери курууга эки жылдай убакыт керек экенин кошумчалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн