Акматбек Келдибеков менен мамилебиз өтө жакшы. Биз 35 жылдан бери таанышпыз. Мындай пикирин “Ата Журт” партиясынын тең төрагасы Камчыбек Ташиев журналист Майраш Базлакуновага берген маегинде билдирген. Анын айтымында, Ташиев-Келдибеков системалуу өзгөрүүлөр болгондо сөзсүз бири-бири менен кеңешет.
“Келдибеков менен мамилебиз өтө жакшы. 35 жылдан бери таанышпыз. Биз бир мектепте чогуу окуганбыз. Бири-бирибиздин кемчилигибизди, артыкчылыгыбызды абдан жакшы билебиз. Ал кишинин башын аттап кете албаймын. Ал деле ошондой. Ошондуктан көп жылдан бери чогуу саясатта келе жатабыз. Системалуу өзгөрүүлөр болгондо Акмат экөөбүз сөсүз кеңешебиз”, - дейт ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн