Бүгүн,25-апрелде УКМКнын төрагасы, өкмөттүн чек ара боюнча делегациясы башчысы Камчыбек Ташиев өзгөндүктөр менен жолугушуп Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасындагы маселени талкуулап жатат. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар билдирди.
Ташиевдин айтымында, Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча маселе мурдагыдай калат.
"Биз Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга бербейбиз. Суу сактагыч боюнча чек ара мурдагыдай калат. Эми биз Ала-Бука, Аксы жана Баткенде Өзбекстан менен чектеш аймактардын маселесин карайбыз",- деди Ташиев.
Пикирлер (1)