Бугу 20, 2024
Убакыт: 10:16
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Камчыбек Ташиев: Кылмышкерлерди колдогон ар бир адам жазаланат!

19.10.2023 16:10
268
Камчыбек Ташиев: Кылмышкерлерди колдогон ар бир адам жазаланат!


"Кылмышкерлерди колдогон ар бир адам жазаланат!", - деди Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Кара-Балтада атайын кызматтын бөлүмүн ачып жатып.

Анын айтымында, уюшкан кылмыштуу топторду жок кылууну айрымдар ностальгия менен эстеп жатат. Ошолорго болушкандай болуп сүйлөп видеолорду чыгарып, аларды колдогондор чыгууда.

"Урматтуу кызматкерлер! Дагы бир жолу кайталап айтып койойун.

Мындан ары кылмышкерлерди эле эмес, кылмышкерлерди колдогондордун баарын жазалайбыз. Кылмышкерлерди колдоп кылмыштуулукту жогорку деңгээлге алып чыгып популизация кылгандарды, ошолорду өнүктүрүүгө аракет кылгандарды да биз жазалашыбыз керек. Уюшкан кылмыштуулук түп тамыры менен жок болушу керек. Биз буга өзүбүздүн кызматыбыз менен шарт түзүшүбүз керек.

Мындан тышкары, мамлекеттик органдардын, кызматкерлердин арасындагы тазаланууну башташыбыз керек. Райондордо, облустарда министрликтерде мамлекетке каршы иштеп пайдасын тийгизбей, зыянын тийгизген кызматкерлер көп. Ошолдордон тазаланышыбыз керек", - деди ал.

Ошондой эле Ташиев аларды жөн эле кызмат ордунан бошотуп койбостон, кылмыш жоопкерчилигине тартуу керектигин кошумчалады. "Кийинки мамлекеттик кызматкер мыйзам бузууга же болбосо мамлекетке зыян келтирүүгө эч качан багыт албаш керек", - деп эскертти атайын кызматтын башчысы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн