Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 20:17
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Камчыбек Ташиев Кыргызстандан Казакстанга аскерлердин жиберилиши боюнча пикирин билдирди

07.01.2022 22:16
1033
Камчыбек Ташиев Кыргызстандан Казакстанга аскерлердин жиберилиши боюнча пикирин билдирди


УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстандан Казакстанга аскерлерди жиберүү боюнча кабыл алынган чечим тууралуу пикирин соцтармактагы баракчасына жазды.

"Урматтуу мекендештер!

Мен бүгүнкү кырдаал боюнча түшүндүрмө берейин деп чечтим, биз дагы так ушундай башаламандыкты басып өттүк, анан кантип жай тургундарды талап-тоноого, өлтүрүүгө бармак элек. Четте унчукпай карап турган болбойт. Баары баштагы калыбына келгенден кийин гана өздөрү андан аркысын эптеп кетишет. А азыр көптөгөн аң сезимдүү жарандар тынчтыкты каалап турганда жардам беришибиз керек. Коңшу өлкө жардам сурап жатат, четте туруу туура келбейт, биз ошол аймактагы тынчтык жана стабилдүүлүк үчүн аракет кылабыз. Мен биздин өлкөбүздүн жарандарын түшүнүп турам, баарыбыз кабатыр болуп жатабыз. Мен баарыңыздар туура түшүнөсүздөр деп ишенем, мен дагы адаммын, абдан санааркап жатам, азыр тез жана ыкчам аракет кылуу керек", - деп жазды Камчыбек Ташиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн