Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 13:00
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Камчыбек Ташиев Кубанычбек Жумалиевдин жактоочусуна жооп берди

22.02.2021 23:15
3438
Камчыбек Ташиев Кубанычбек Жумалиевдин жактоочусуна жооп берди


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Кубанычбек Жумалиевдин жактоочусу Бактыбек Жумашевге өзүнүн Фейсбук баракчасы аркылуу жооп берди. 


"Б.Жумашев К.Жумалиевдин мүлктөрү тууралуу туура эмес маалыматтарды айтты деп жатат. Анда угуп алыңыз: мен чындыкты айткам. Жумалиев бир жер тилкесин 17,0 миң сомго алып, аны бүгүнкү курс менен эсептегенде 185,0 миллион сомго эч кандай салык төлөбөй саткан.  Буга эмне дейсиз?


Мына ушундай, урматтуу жактоочу. Эми ал мамлекеттен уурдаганынын баарын кайтарат, биз аны мыйзам чегинде мажбур кылабыз", - деп жазылат. 


Эске салсак, депутат Кубанычбек Жумалиев коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан кармалып, эки айга камакка алынган. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн