Ыктыярчы медицина кызматкери болуп иштеп жүрүп каза тапкан студент Адинай Мырзабекова экс-депутат Камчыбек Ташиевдин дарыгери болгон. Бул тууралуу саясатчы “Регион” телеканалына берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, “Гансиде” убактылуу ачылган ооруканада келинчеги менен бирге дарыланып чыккан. “Ошол учурда Адинай мени дарылады эле да. Ооруканада 5-6 күн болдум, ал убакытта Адинай мени тынымсыз карап атты. Анын тагдыры ушундай болуп калганына биз – бейтаптар күнөөлүү болуп калдык”, - деди Ташиев.
Ал белгилегендей, Адинай Мырзабекова узун бойлуу, жакшынакай кыз болчу. Тез кыймылдаган, өтө ийкемдүү, тарбиялуу кыз болчу.
“Бир күнү көз айнегинен
беттерин тер басып, ушундай кыйналып калганын байкадым. Анан мен: "кызым
көз айнегиңди алып, дем алып кичине эс алып алчы" десем, “жок, байке азыр
чечсем болбойт, кезметим бүткөндө чечем” деген эле. Кыйналып кысталып, бышып,
чуркап иштеп жүрөт. Ал акча же даңк үчүн чуркаган жок. Ооруп калгандарга жардам
берсем экен деген ички сезим менен жүрүп, өзүнө карай албай калды, өзүнүн
ооруганын сезбей кете берди”, - деди Ташиев.
Ал бардык дарыгерлерге ыраазычылык
билдирип, пандемиянын аягына чейин чыдамкайлуулук менен туруп берүүсүн суранды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн