Бугу 18, 2024
Убакыт: 23:00
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Камчыбек Ташиев: Наамдын берилиши күтүүсүз болду

02.09.2022 13:06
452
Камчыбек Ташиев: Наамдын берилиши күтүүсүз болду

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев ага ыйгарылган "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамы күтүүсүз болгонун жергиликтүү каналдардын бирине билдирди.


"Сыйлыкты алуу күтүүсүз болду. Арадан ушунча жыл өтсө да эмгегибизди баалаган президентке ырахмат.


Биз мындан ары да өлкөбүз, элибиз үчүн иштей беребиз.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин эң негизги максаты дагы өлкөбүздүн улуттук коопсуздугун сактоо болуп эсептелет.

Биздин кызматкерлер өз тапшырмасын татыктуу аткарып жатат деп ойлойм",- деди Ташиев.


Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров бүгүн өз тармагында өзгөчөлөнгөн жарандарга мамлекеттик сыйлыктарды ыйгарды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн