Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ноокаттагы жолдун курулушун жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу ал фейсбук баракчасына жарыялады.
Анын айтымында, узундугу 15 чакырымдай болгон жол 2023-жылдын 1-сентябрына чейин бүткөрүлүшү керек.
Белгилей кетсек, сөз Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун Ноокат районунун аймагынан өткөн бир бөлүгүн куруу жөнүндө болуп жатат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн