Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:46
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Камчыбек Ташиев Нургазы Анаркуловдун кармалышы боюнча билдирүү таратты

30.01.2021 12:24
1779
Камчыбек Ташиев Нургазы Анаркуловдун кармалышы боюнча билдирүү таратты

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Президенттин аппараттын маалымат саясат бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркуловдун кармалышы боюнча пикирин билдирди. Бул тууралуу АКИпресс жазды.


Ташиев аны менен көп жылдан бери тааныш экенин четке каккан жок.


"Биз көп жылдан бери таанышпыз. Көптөгөн кыйынчылыктарды баштан өткөргөнбүз. Бирок аны бүгүн коррупцияга каршы күрөшүү кызматы башка бирөөнү чоң кызматка коём деп чоң суммадагы пара талап кылган деген шек менен кармады. Мындай мыйзамсыз иштер мамлекеттик кызматкерлерге болгон элдин ишенимин жоготот. Факт факт боюнча калат. Эгер ал коррупцияга тиешеси болсо мыйзам чегинде катуу жазасын тартат.  Биздин эски тааныштыгыбыз жана жылуу мамилебиз тергөө амалдарына эч кандай таасирин тийгизбейт. Баса белгилеп койоюн, эч кандай кызмат жана тууганчылык коррупция менен күрөшүүгө тоскоолдук кыла албайт",- деди Ташиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн