Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 04:21
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Камчыбек Ташиев Садыр Жапаровдун адвокатына жооп берди

11.02.2021 13:56
1660
Камчыбек Ташиев Садыр Жапаровдун адвокатына жооп берди


УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев президент Садыр Жапаровдун мурдагы адвокаты Акин Токталиевге жооп берди. Бул тууралуу Ташиевге жакын журналисттердин бири Өткүрбек Рахманов билдирди. Төмөндө анын пикирин өзгөртүүсүз беребиз:


“Акин Токталиевдин сөзүнө Камчыбек Кыдырашевичтин жообу:


"Акин Токталиевдин ордуна келген адам менен мен эч качан көрүшкөн да, сүйлөшкөн да эмесмин. Токталиев мени койдурду деп ойлоп жатат окшойт. Мен тетирисинче Токталиев менен Токтомушев калсын деп жүрөм. Билип билбей эле сүйлөй бербесин да. Ага өздөрүнүн кишилери ушундай мамиле кылып жатат. Менин эч кандай тиешем жок."


Акин Токталиев мындайча билдирүү тараткан болчу:


"Азыр Максат ажы эки тараптын  Муфтийлик үчүн болгон күрөшүнөн улам камалып отурат. Бир тарапта Жапаровдун Бурканов деген кеңешчисинин адамын экинчи тарапта Камчыбек Ташиевдин адамын Муфтийликке коюу аракетинен улам мындай башаламандык болуп жатат..."

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн