Садырды президент кылам деген убадамда турдум. Мындай пикирин Улуттук мамлекеттик коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Фейсбук баракчасына жазды.
"Урматтуу Кыргыз элим! Туптуура 4 ай 14 күн алдың борбордук аянтта таңга маал «Садырды Президент кылабыз» деп жарыялаган экенмин. Мен сөзүмө, убадама турдум. Рахмат элиме, рахмат силерге!" ,- деген билдирүү калтырган Ташиев.
Пикирлер (2)